Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата анын айкели өзүнүн кичимекени Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Айык айылына коюлду. Айкелди ачуу аземине өкмөт башчы Темир Сариев катышты.
Премьер-министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, даярдык жүрүп жатканын билдирди.
29-октябрда Бишкекте Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси белгиленет. (SE)