Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Таластагы митинг өкмөт өкүлүнүн убадасынан кийин тарады


Таласта митингге чыккандар өкмөттүн облустагы өкүлү Байыш Жуманазаровдун убадасынан кийин тарады. Кабарчыбыздын айтымында, ал төөбуурчак кабыл алган фирмаларды тактап, бааны жогорулатуу жолдорун издеп көрмөй болду. Нааразылык акциясына чыккандар ага ишембиге чейин убакыт чегерди.

Бүгүн Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында жергиликтүүлөр төөбуурчактын баасы арзандап кеткенине нааразылыгын айтып митингге чыкты.

Таласта ушул тапта тазаланган төөбуурчактын бир килограммы 35, ал эми таза эмеси 25 сомдон сатылууда. Мурдагы жылдары 100 сомго чейин жеткен болчу.

Митингчилердин айтымында, акцияга миңдей киши келди. Бирок облус бийлигинин өкүлдөрү алардын саны миңге жетпегенин айтууда. Ал эми Бакыян айыл өкмөтүнүн депутаты Эмил Атабаевдин айтымында, митингге эки жарым миңдей киши катышты. (SS)

XS
SM
MD
LG