Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Ошто сүрөтчү студенттер чогулуп эмгектерин сатты


Ош технологиялык университетинин архитектура, дизайн жана графика бөлүмүндө окуган 300дөй студент жасаган эмгектерин биргелешкен көргөзмөгө жайды. Натыйжада жаштар көргөзмөгө койгон жүздөн ашык сүрөттүн 20-30ун сата алышты. Сүрөттөр кеминде 500 сомдон эки миң сомго чейин бааланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” сүрөтчү жаштар кабарлашты.

"Чыгармачыл альянс" деп аталган иш-чарада жаш сүрөткерлердин чыгармаларын күйөрмандар түздөн-түз талкуулап, авторлорго өз көз-караш, тилектерин айтууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Аталган окуу жайдын архитектура, дизайн жана графика адистигинде окуган студенттер 22 миң сомдон келишим акы төлөшөт. Аны төлөө үчүн сабактан сырткары алар жеке фирмалардын кеңселеринин жана турак жайларынын макеттерин жасоо менен да акча табышат. Бир макетти кеминде 5 миңден 10 миң сомго чейин баалашат. (ErN)

XS
SM
MD
LG