Мугалимдерге, дарыгерлерге жана күч органдарынын кызматкерлерине жеңилдетилген ипотекалык насыя түрүндө үйлөрдү берүү жол-жобосу каралып жатат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкек четиндеги Дордой жаңы конушунда жаңы мектептин ачылышында айтты.
- Кайсыл жерге барбайын, мугалимдер маяна жакшы, бирок үй маселесин чечип бергиле деп кайрылып жатышат. Албетте, бул маселе көңүл борборунда. Кечээ күнү кыргыз-орус фондунун башчысы Нурсулуу Ахметованы чакырып, сүйлөштүк. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын ипотекалык компания түзүлөт,- деди Алмазбек Атамбаев.
Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 400-500 миңге чукул киши турак жайга муктаж. Бишкек шаарында 6000 киши үй боюнча кезекте турат. Алардын көпчүлүгү маянасы аз, бюджеттик мекемелерде иштегендер. (ZA)