Араван районунда эки күн мурун дайынсыз жоголгон беш жашар баланын киши колдуу болгон денеси бүгүн жүгөрү талаадан табылды.
Анын өлүмүнө өз айылдашы, мектептин 9-классынын окуучусу шектелип ички иштер кызматы тарабынан кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя иликтенип жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Беш жашар Бахадыржан Олимов 22-сентябрда жоголгон. Анын жакындары издеп табууга көмөк сурап, коомчулукка кайрылган. (SE)