Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

АКШ Конгресси Савченкону колдоо боюнча резолюция кабыл алды


Конгресстин өкүлдөр палатасы шейшембиде украин учкучу Надежда Савченкону токтоосуз бошотууга чакырган резолюция кабыл алды. Демилгечилердин бири, конгрессмен-демократ Сэнди Левин “Надежда Савченко көз карандысыз Украинанын маанайын берип жатат" деп билдирди.Сенди Левин Савченко Орусия тааныгысы келбеген саясий туткун экендигинде шек жок дейт.

Ростов шаарында Надежда Савченконун үстүнөн соттук угуулар башталды. Ага эки орус журналистин өлтүргөн деген айып тагылууда. Савченко өзүнө тагылган бардык айыптарды жокко чыгарууда. Ал акыркы сот жараянында “мен жоокермин, бирок киши өлтүргүч эмесмин” деп жооп берди.

Надежда Савченко Орусиянын камагында былтыр июндан бери олтурат. Эгер Кылмыш кодекстин ал айыпталган беренелери боюнча күнөөлүү деп табылса, 25 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG