Бул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Бишкектеги “Жаштардын демилгелерин колдоо, көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору” деген аталыштагы тегерек үстөлдө билдирди. Бул долбоорду аталган министрликтин жардамы менен Орусиянын компаниясы ишке ашырат. Академия жаш ишкерлерди жаңы форматта окутуп, үч күндүк, бир айлык жана үч айлык мастер-класстарды өткөрөт. Ал үчүн Орусиядан белгилүү ишкерлер, эксперттер чакырылат. Академия жылына 2 миңге чейин адамды кабыл алууну пландоодо. Бул аракеттер өлкөдөгү жумушсуздукту кыскартуу максатында жасалууда.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны жылдан жылга өсүүдө. Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жумушсуздуктун деңгээли 8,3 пайызды түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын 205 миңи ишсиз жүрөт. Былтыр катталган жумушсуздардын саны 180-190 миң болгон. Ал эми 2013-2012-жылдары бул көрсөткүч мындан да 50% азыраак болчу.(КЕ)