Молдова борбору Кишиневдо президент Николай Тимофтинин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митинг жекшембиде да уланды. Полициянын маалыматына караганда, “Ар-намыс жана чындык” кыймылы уюштурган митингге 15 миңдей адам катышты.