Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Жеке ишкерлерди текшерүү 15 пайыз азайды


Быйыл жарым жылда жеке ишкерликти текшерүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% азайды. Экономика министрлиги январь-июнь айларында 1513 текшерүү болгонун маалымдады.

Ишкерликти текшерүүнүн басымдуу бөлүгүн Социалдык фонд, Санэпидкөзөмөл, Ветеринардык жана экологиялык-техникалык инспекциялары жүргүзгөн.

Министрлик билдиргендей, текшерүүлөрдүн азайышы ишкерлерди ыксыз көзөмөл алуудан кутултат, аларды негизги ишинен алаксытпайт.

Учурда "Ишкерлик субьекттерин текшерүүнүн тартиби" жөнүндөгү мыйзамга дагы өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык, жаңы бизнес баштаган ишкерлер үч жылга чейин текшерүүдөн бошотулушу мүмкүн. (JM)

XS
SM
MD
LG