7-сентябрда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 20…25;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.
7-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 24…26 градус жылуу болушу күтүлүүдө.