Йемен жоокерлери шииттердин хути козголоңчуларына каршы Сауд Арабия башындагы коалициянын аскердик операциясы учурунда набыт болушту. Бул кабарды эмирликтин WAM маалымат агенттиги 4-сентябрда жарыя кылды.
Бирок Йемендин аскердик булактары араб коалициясынын жоокерлери Мариб провинциясында курал-жарак сакталган аскер кампасы кокус жарылганда курман болушканын билдиришти.
Козголоңчу хутилер тараткан кабарга караганда, алар аткан ракета коалициялык күчтөрдүн лагерине тийип, эмирлик менен Йемендин ондогон аскерлерин күм-жам болушкан, бир нече тикучар менен аскер машинеси иштен чыккан.
Сауд Арабия башында турган коалиция Йемендин сүргүндөгү суннит өкмөтүн калыбына келтирүү үчүн шиит хутилерге каршы урушту быйыл мартта баштаган.