Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Франция “Мистраль” үчүн Орусияга 950 миллион евро кенемте төлөдү


"Мистраль" аскер кемеси.
"Мистраль" аскер кемеси.

“Мистраль” эки аскер кемеси боюнча аткарылбаган келишим үчүн Франция Орусияга 950 миллион евро кенемте төлөдү. Мындай маалымат Франциянын Улуттук жыйналышынын расмий сайтында бейшембиде жарыяланды.

Макулдашууга 5-августта Москвада Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин жана Франциянын атайын өкүлү Луи Готье кол койгон.

Документте Москва бардык каражатты алмайынча, Париж кемелерди үчүнчү тарапка берүүгө укугу жок экени жазылган.

2011-жылы түзүлгөн келишимге ылайык Франция Орусияга баасы 1 миллиард 300 миллион долларды түзгөн эки аскер кеме бермек. Өткөн жылы Орусия Крымды басып алгандыгына байланыштуу Евробиримдик Москвага каршы кабыл алган санкциялардан улам Париж бул келишим жокко чыгарыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG