Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү аймактагы жетим балдардын ар бирине банктан эсеп ачат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Демилгени облустук прокуратура көтөргөн.
Расмий эсеп боюнча, учурда облус аймагында 478 тоголок жетим бала бар. Жакынкы күндөрү банктан алар үчүн эсеп ачылып, колунда бар кишилердин жардамы менен каражат чогултула баштайт. Мындан сырткары, жетим балдарга кам көрүү жагы аймактык жетекчилерге милдеттендирилет.
Облус аймагында 3 балдар үйү жайгашып, аларда 80 чукул бала тарбияланат. (RsK)