Бишкектеги узундугу 23 чакырымды түзгөн “Манас” аэропортунун унаа жолу оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, “Манас” аба майданынын жолун оңдоо иши ушул жылдын 1-сентябрынан башталат. Курулушка казынадан 1 млрд. 32 млн. сом бөлүнөт. (TSh)