Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өкмөт башчы Темир Сариев менен 20-августта валюта базарындагы жагдайды талкуулап, эки күн ичинде сомдун АКШ долларына карата баасы турукташарын билдирди. Бирок канча сомго чейин турукташтыруу анык эмес.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда көзөмөлдү күчөтүп, чайкоочулукка жол бербөөнү тапшырды.
20-августта 1 АКШ долларынын баасы дээрлик 65 сомго чейин кымбаттады. Бир күн мурда казак теңгеси менен орус рублинин да долларга катышы кескин түшкөн.
Казак акчасы эки күндүн ичинде эле 35 пайызга чейин күчүн жоготту. (SE)