Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Текебаев: Келдибековдун төрагалыктан кетишине тиешебиз бар


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасынын кызматтан кетишине тиешеси бардыгын “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өзү ырастады.

“Акматбек Келдибековдун төрагалыктан кетишине биздин фракциянын тиешеси бар. Демилге көтөрүп, анын туура эмес иштерин парламентке алып чыкканбыз. Ошондон улам депутаттык комиссия түзүлүп, алар А.Келдибековдун күнөөсү бар экенин тастыктаган. Ал эми укук коргоо органдары иликтеп, анын мурун жасаган иштерин таап, айып койгон. Биздин ага тиешебиз жок”, - деди Текебаев.

Бүгүн Келдибеков сотто көрсөтмө берип, анын камалышына саясий күчтөр, анын ичинде Өмүрбек Текебаев, ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова жана ошол кездеги президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев кызыкдар болгонун билдирген.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча айыпталууда. Ал Социалдык фонддун төрагасы болуп турган учурда мамлекетке 24 млн сомдон ашык, Салык кызматын жетектеп турганда 2,3 млн сом, Парламентти жетектеп турганда 10 млн сомго жакын зыян келтирген деп айыпталууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG