Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун жолугушуусу учурунда унаа байланышын жакшыртуу жайында да кеп болду.
Тараптар Бишкек-Ашкабат аба каттамы жакында ачыларын ырасташты. Азыркыга чейин бардык документтер, сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Бул тууралу “Азаттыкка” Кыргызстандын унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев билдирди.
Түркмөн президенти Бердымухаммедов 5-августта мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди. Эки тараптуу жолугушууда 15 келишимге кол коюлду. (SDz)