Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кыргыз-орус фонду алгачкы ири бизнес-долбоорду сентябрдан тарта каржылайт


Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынын маалымдашынча, аталган фонд кыргызстандык ишкерлерден түшкөн 70 долбоор-сунушту карап чыкты. Жыйынтыгында алардын ичинен 9 долбоор тандалып алынды. Ушул тапта фонддун жетекчилиги 9 компаниянын топ-менеджерлери менен жолугушууларды уюштуруп жатат.

Сунушталган долбоорлор ичинен айыл чарбасы, кайра иштетүү тармактарына артыкчылык берилет.

Фонд алгачкы ири бизнес-долбоорду сентябрь айынан башынан тарта каржылоого даярдык көрүүдө.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда учурда 150 млн. доллар бар. Орусия бул фондго 500 млн. доллар которуп, андан кийин анын өлчөмүн 1 млрд. долларга жеткирүүгө убада кылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG