Чыгыш Казакстан облусунун Зыряновск шаарында эл аралык терроризмди ташбыйкаттады деп шектелген аял кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин 29-июлда билдиришинче, ал жергиликтүүлөрдү эл аралык террорчулар тарабында согушуу үчүн жалдаган. Анын үйүнөн “тыюу салынган экстремисттик адабияттар, диний жек көрүүчүлүккө шыктандырган видео жана аудиоматериалдар табылган”.
Билдирүүдө террордук уюмдун аты маалымдалбайт.
Ирак жана Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун катарында жүздөгөн казакстандык жарандар согушуп жүрөт. Буга байланыштуу расмий Астана тынсыздануусун билдирген.