Теке (июл) айынын 29-30дарында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданында кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамайдын ашы берилди.
Оболу манасчы Жусуп Мамай туулуп-өскөн Кара-Булак айылында элдик оюндар өткөрүлдү. Андан соң Күркүрөө суусунун боюндагы манасчынын бейитинде жана Меркеч айылынын түштүк ыптасында куран окутулду.
Эскерүү чараларына КЭРдеги дээрлик бардык кыргыз аймактарынын өкүлдөрү, манасчылар, кытайлык жана кыргызстандык фольклор таануучулар, манас таануучулар, тилчилер, тарыхчылар, ж.б. коомчулук өкүлдөрү катышты. Арасында Кытай коомдук илимдер академиясынын манас таануучулары, профессорлор Лаң Йиң айым, Адыл Жуматурду, Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун башчысы Мамбеттурду Мамбетакун, илимпоздор Токтобүбү Исак кызы, Амантур Абдрасул, Ысакбек Бейшенбек, Макелек Өмүрбай, кыргызстандык илимпоздор А.Акунов, Н.Алымкулов, Т.Маразыков, Ч.Субакожоева, журналист Т.Токтогазиев, ж.б. бар.
КЭРдеги кыргыздардын арасында манасчылыкты сактоого жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон Жусуп Мамай (1918-2014) Манастан баштап, анын жети урпагынын баяны камтылган дастандын өзгөчө вариантын жараткан.
Кытайдын “Тоо гүлү” сыйлыгынын эки жолку ээси Жусуп Мамайга 2014-жылы май (бугу) айында Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. Кыргызстанда “Мурас” фонду, “Диалог Евразия” фонду, КР Улуттук илимдер академиясы, КР Билим берүү министрлиги жана башка уюштуруучулар ТаласМУнун (2014) жана НарынМУнун (2015) алкагында эл аралык жусуп мамай таануу илимий жыйындарын өткөргөн. Келээрки жылы мындай илимий жыйын Жалал-Абатта өтөт.
TT.