Бул чара 27-июлда Индиянын Пакистан менен чек арасындагы Гурдаспур районунда полиция жашаган барак үйлөргө мыкты куралданган топ кол салгандан соң кабыл алынды. Чабуулда беш адам өлдү. Жергиликтүү медианын кабарлашынча, полициякананын ныптасындагы темир жолдон бир нече мина табылган жана үч-төрт козголоңчу болгон.
Бүгүн Индиянын ички иштер министри Раджнатх Синх Пакистан менен чек арадагы аймакта кырдаал тынч экенин билдирди: "Кырдаал көзөмөл астында турат. Коркпоңуздар. Ал жерге аскерлер киргизилди”.
Полициянын билдиришинче, согушчандар оболу машине уурдап, автостанцияны аткылашкан.