Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Йеменде коалиция аба соккуларын көбөйттү


Сауд Арабиясы баштаган эл аралык коалиция тынчтык келишими күчүно кирерге бир нече саат калганда Йеменде катар-катар аба соккуларын жасады. Алар Санада жайгашкан шиит козголоңчулары – хуситтерге бомба ташташууда.

Коалициянын өкүлдөрү беш күндүк тынчтык күндөрүнүн эрежесин сактай турганын билдирүүдө. Ал жарандарга гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздайт.

Тынчтык келишими 24-июлда бомбалоодон улам Таиез провинциясында 80ден ашык адам өлгөндөн кийин жетишилген. Ал 27-июлдан 31-июлга чейин уланат. 25 миллион калктуу Йемендин 80 пайызга жакыны гумжардамга муктаж.

Йемендин хусит козголоңчуларынан турган "Ансар Алла" шиит кыймылы өткөн жылдын август айында аскердик чабуул жасап, Йемендин бир катар провинцияларын, анын ичинде борборун да ээлеп алган. Козголоңчулар менен бийликтер ортосунда кармаш дагы деле уланууда.

Сауд Арабиясы баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы 26-марттан тарта козголоңчу - хуситтер жашаган Йемендин райондорунда аба соккуларын жасап жатат. Коалиция жүргүзүп жаткан операция президент Абд Раббу Мансур Хадиге жана анын өкмөтүнө Йемендин бийлигин алып берүү максатын көздөйт. Аба чабуулдары башталган аралыктан бери 3 миңдей адам каза болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG