Хорватиянын түштүгүндөгү болуп көрбөгөндөй ысыктан тутанган өрт миңдеген гектар токойлорду жок кылды. Айрым райондордо байланыш жана электр жарыгы өчүрүлдү, жолдор жабылды. Азырынча жабыркагандар жок.
Синоптиктер билдиргендей, соңку жумада аймактагы абанын температурасы 40 градуска жеткен. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ондогон өрт өчүрүүчүлөр жана санавиация тартылды. Ошентсе дагы катуу шамалдан улам өрт тез жайылууда. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, өрт кызыл карагай токойлорун, жүзүм бактарын жана башка дарактарды жок кылды. Кырсыктын кесепетинен келген чыгым бир нече күндөн кийин гана аныкталат. (ErN)