Нарын облусундагы Кара-Кужур жайлоосунда бала бакчалардын фестивалы болду. Ага Нарын жана Ат-Башы районундагы беш бала бакча катышты. Анын алкагында балдарга жана ата-энелерге түрдүү мастер класстар өткөрүлдү. Адистер "жайлоодогу балдардын коопсуздугун кантип камсыздоо керек" деген аталышта көргөзмө сабак өтүштү. Фестивалга катышкан экс-президент Роза Отунбаева жайлоо бала бакчаларынын санын мындан дагы көбөйтүү тууралуу оюн айтты. Иш-чараны "Ага Хан" жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонддору уюштурган.
Өткөн жылы облуста 16 жайлоо бала бакчасы иштесе, быйыл жергиликтүү элдин демилгеси менен 23 бала бакча ачылып, аларда 300дөн ашык бала тарбияланууда. (MiK)