Кыргызстанда жалпысынан 440 миң адам мамлекеттен жөлөкпул алат. Быйыл алардын саны 29 миңге кыскарды. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы жөлөкпул чындап муктаж болгон жарандарга берилиш керек экенин кошумчалады.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жарым жылда социалдык төлөмдөр үчүн 8 млрд. 273 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Сариев бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эффективдүү пайдаланылышына басым жасоо зарылдыгын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)