Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

32 адамдын өмүрүнө забын келтирген жанкечтинин аты-жөнү аныкталды


Премьер-министр Ахмет Давутоглу (ортодо) зайыбы менен бирге Суручтагы бомба чабуулунда жарадар болгон жарандан кабар алышууда. 21-июль 2015
Премьер-министр Ахмет Давутоглу (ортодо) зайыбы менен бирге Суручтагы бомба чабуулунда жарадар болгон жарандан кабар алышууда. 21-июль 2015

20-июлда Сирияга чек аралаш Суруч шаарында бомба жардырган жанчкечтинин “Ислам мамлекети” радикалдуу уюму менен байланышта болушу ыктымал экенин айтты премьер-министр Ахмет Давудоглу.

Жанкечти жардырган бомбадан 100дөн ашык адам жарадар болгон. Чабуул кезде күрт жаштарынын активисттери Сириянын Кобани шаарын кайра куруунун планы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатышкан. Кечээ Давутоглу Сирия менен чек арада коопсуздук чаралары күчөтүлөт деп билдирген:

- Сирия менен чек араны бекемдөө улантылат жана коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Региондогу кырдаал, башаламандык жана салгылашуулар Түркиянын ичиндеги тынчтыкка тескери таасир этүүсү мүмкүн экенин биздин жарандар билиш керек.

Түркия өкмөтүнүн 22-июлдагы кеңешмеси Сирия менен чек араны бекемдөө маселесине арналары маалымдалды.

XS
SM
MD
LG