Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Орусия “Боингдин” кыйрашы боюнча өз резолюциясын БУУга сунуштады


Малайзиялык “Боинг” учагынын Украинанын чыгышында кыйрашы боюнча резолюциянын долбоорун Орусия Улуттар уюмуна тапшырды. Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин билдирди. Анын айтымында, Орусия учактын кыйрашына жооптуларды кылмыш жообуна тартуу үчүн трибунал түзүүгө каршылыгын улантууда. “Биз БУУнун уставын, эл аралык укуктарды, учактын кыйрашы боюнча мурда кабыл алынган резолюцияларды карманышыбыз керек” деди Чуркин.

Мурдараак “Боингдин” кыйрашы боюнча резолюциясын БУУга Малайзия берген. Аны Украина, Австралия, Бельгия жана Нидерланд колдоодо.

Негизги божомол боюнча малайзиялык аба компаниясына таандык жүргүнчү ташуучу учак Украинанын үстүндө учуп баратканда ракета менен атып түшүрүлгөн. Жакында эле CNN телеканалы Нидерланддын иликтөөсүндө учактын кыйрашына орусиячыл жикчилдер айыпталганы жазылганын маалымдаган.

Өткөн жылы 17-июлда Украинанын чыгышында жүргүнчү ташыган учак кыйрап, андагы 298 кишинин бардыгы өлгөн. Алардын көпчүлүгү Нидерланддын жарандары болгон.

XS
SM
MD
LG