Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

АКШ Ирактагы жардыруу үчүн ИМ радикал тобун айыптады


АКШ өкмөтү 115 кишинин өмүрүн алган Ирактагы жардыруу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топту айыптады.

Ак үйдүн билдирүүсүндө экстремисттер дагы бир жолу “мыкаачылыктын жеткен чегин” көрсөткөнү айтылат.

Жума күнү Багдадга жакын аймактагы жардыруудан 100дөн ашык адам мерт болуп, ондогон адамдар жарадар болгон.

Хан-Бани-Саад провинциясындагы Багдаддын түндүк-батыш жагында жайгашкан Дияла шаарында бомба коюлган автоунаа жарылган. Ал базарга жакын, миңдеген адамдар чогулуп Орозо айт майрамын белгилеп жактан жерде турган. Жардыруудан бир нече имарат талкаланган.

XS
SM
MD
LG