16-июлга чейин ченемден тыш ысык аба ырайы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 36…41° чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
15-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Мелүүн жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 20...25, күндүзү 36...41
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүзү 33...38
Баткенде түнкүсүн 18...23, күндүзү 34...39
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20...25, күндүзү 36...41
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14...19, күндүзү 27...32
Нарында түнкүсүн 10...15, күндүзү 31...36
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 3...8, күндүзү 16...21
15-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 38…40 градус болот.