Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов кабарлады.
Анын айтымында, 13үнөн 14-июлга оогон түнү "Кадыр түндү" тосуу үчүн облустагы жума намазы окулуучу мечиттерге эң азы 150-200, ири мечиттерге эки жарым-үч миңден эл чогулган.
Ош облусунда жалпы 822 мечит бар. Анын 182си жума окулуучу ири мечиттер деп эсептелет. (YI)