Өкмөт башчысы Темир Сариев Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуусунда эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусу өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн товар жүгүртүү көлөмү 40 млн. доллар болсо, алдыда 200 млн. долларга жеткирүү дарамети бар.
Сариев Индия менен экономикалык, аскердик жана башка кызматташтыктардын маанисин белгилеп, эки өлкөнүн маданий алакасын киночулар аркылуу жакындатуу сунушун айтты.
Өз кезегинде Моди Кыргызстандын Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик өлкө экенин баса белгилеп, демократияга умтулган башка өлкөлөр үчүн даяр үлгү экенин айтты. (UEz)