Германия канцлери Ангела Меркел Босния-Герцеговинанын жетекчилигин жаңы жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуу жараянын тездетчү социалдык-экономикалык реформаны баштоого чакырды. Ал үндөөнү 9-июлда Сараеводо Босния лидерлери менен кездешүүдө жасады. “Босния-Герцеговинада жөндөлчү маселелер абдан татаал экенин биз билебиз. Бирок Босния-Герцоговина жакшы өнүксө, андан жалпы регион гүлдөп өсөт,” - деди Меркел.
Босния-Герцоговина Европанын эң жарды өлкөсү. Өлкөдөгү эмгекке жарамдуу элдин 40% көбү жумушсуз.