Бул тууралуу бүгүн ИИМдин өкүлү Жылдыз Ахмедгалиева Ошто "Адам сатууну алдын алуу жана күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын баалаган жыйында билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык 80дей кыз-келин Кытай шаарларындагы караоке клубдарда мыйзамсыз кызмат көрсөтүү менен алектенишет.
"Биздеги ыкчам маалыматтардан улам ал кыздар кулчулук курмандыктары болушу мүмкүн деген божомол бар", – деп билдирди.
Учурда аларда мекенге кайтаруу аракеттери жүрүп жатат. (YI)