Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

Иран жана алтылык ядролук сүйлөшүүнүн эң оор этабын баштады


АКШ Мамкатчысы Жон Керри Венадагы ядролук сүйлөшүүдөн чыгып баратат. Австрия, 8-июль 2015
АКШ Мамкатчысы Жон Керри Венадагы ядролук сүйлөшүүдөн чыгып баратат. Австрия, 8-июль 2015

Иран жана алтылык ядролук сүйлөшүүнүн эң оор этабын баштады. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 9-июлда БРИКС өлкөлөрүнүн Уфадагы саммити кезде кабарчыларга маалымдап, Р5+1 (АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Франция жана Германия) Тегеран киргизген жаңы сунушту талкуулоодо деди.

Тышкы иштер министри С. Лавровдун билдиришинче келишимди түзүүгө тоскоолдук жок, бирок сапаттуу келишимге жетишүүгө убакыт тар.

Президент Барак Обама 8-июлда Ак Үйдө конгрессмендер менен болгон жабык жыйында айтышынча, макулдашылган мөөнөттө же10-июлга чейин Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишүүгө кеми 50% шанс бар.

XS
SM
MD
LG