Отуз-Адыр айылынын тургундары жеке демөөрчүнүн көмөгү менен Жоош айылына баруучу булактын жанынан таза суу алуу үчүн иш баштаган. Бирок Жоош айыл өкмөтү аларга таандык суу коругун бузду деген жүйө менен Отуз-Адырдын демилгечилерин сотко берип салган.
Отуз-Адырдын тургундары болсо учурда бул боюнча акимден президентке чейинки бийлик бутактарына кайрылуу жолдошууда.
- Жоош айылына барсаңар бузулган түтүктөрүнөн таза суу төгүлүп - чачылып жатат. Ажатканаларынан бери суу. Эмне үчүн булакты биздин Отуз-Адырга ыраа көрүшпөйт? Суу чыгарууга эмне үчүн тоскоол болуп жатышат? Биздин айылдыктар суу ташып жүрүп өмүрлөрү өтүп атат. Кайсыл жерде суу бар десе, канистрлерин шарактатып ошол жакка чуркашат. Суу алам деп чыккан бир топ бала машинеге урунуп, жан берди. Өзү келип куруп берем деп аткан ишкерге кайсыл уяты бар адам тоскоолдук кылат? Аким ушул маселени үч күн ичинде чечип бербесе, өзүн кетиришке чейин барабыз!, - деди айыл тургуну Нурийла Апбасова.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн тургундары 15 жылдан бери таза сууга жетпей келет. Алар суу түтүгүн орнотуп жаткан булактан буга чейин Жоош жана Мады айыл өкмөттөрүнүн эли таза суу алчу. Азыр ал жер суу коругу катары атайын тикен зымдар менен тосулган.
Ал эми Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Абибилла Козуев Отуз-Адырдын жашоочулары таза сууну булактан эмес, электр насостору менен мурда суу ташып жүргөн жеринен алышы керек деген пикирде:
- Негизи 30-40 метр тереңдиктеги таза суу жөнүндө сөз болуп жатат. Булардын курулушу биз ичип аткан жердеги беш метр тереңдиктеги сууну алууга багытталган. Алар илгертен биз суу алып жаткан жерди уруксатсыз казып жатышат. Биз аларды мына ошол себептен сотко бердик. Негизи булардын суу чыгаруучу эски насостору деле бар. Аларды оңдотсо болот. Эми келип көзгө көрүнүп турган жердеги сууну ала коебуз деп атышат.
Отуз-Адырдын тургундары болсо эл алган жерден биз да суу алууга акылуубуз деп эсептешет. Болбосо Отуз-Адыр аркылуу Жоошко кеткен суу түтүктөрүн өткөрбөй коебуз деп коркутканга чейин барышууда. Отуз-Адыр айылынын тургуну Бактыбек Култаев тоскоолдук болбогондо ушул күнгө чейин айылга таза суу чыгып калат эле деди:
- Иш баштаганыбызга бир ай болду. Бул крандарды күнүнө 7 миң сомдон төлөйбүз деген келишим менен жалдап келгенбиз. Иш башталар алдында Жооштун да, Мадынын да айыл өкмөттөрү келген. Биз аларга бул жер биздики экенин тастыктаганбыз. Алар менен оозеки макулдашканбыз. Бирок мына баштадык дегенден бери үч-төрт жолу милиция кызматкерлери келип, ишти токтотуп атышты. Биздин жумушчулар ишсиз отурат. Кранга иш кылбаса да күнүнө 7 миң сомдон берип атабыз. Эгерде эч кандай тоскоолдук болбогондо ушул убакка чейин курулуш бүтүп, айылга таза суу барып калмак. Негизи бул жердин астындагы суу баарыбызга жетмек.
Ушундай даттануулар менен жаалданган эл 2-июлда Кара-Суу районунун акимине барып, таза суу талашын үч күн ичинде чечип берүүсүн талап кылышты. Район акими Тилек Матраимов болсо бир ай ичинде Отуз-Адырга таза суу чыгарууга убада берүүдө.
- Биз ал маселени жеринен көрүп чечебиз. Негизи Отуз-Адырдын суу көйгөйүн чечүү боюнча талаштуу аймактан башка жерден суу алуу жолдору бар деген сунуштар да айтылып жатат. Кайсынысы ыңгайлуу экенин карап туруп бир ай ичинде маселени чечебиз.
Кара-Суу району эли эң жыш жайгашкан аймак деп эсептелет. Таза суу талашып жаткан Отуз-Адыр, Жоош жана Мады айыл өкмөттөрүндө 60 миңдей калк жашайт. Ош-Бишкек унаа жолу суусуз отурган Отуз-Адыр айылын аралап өтөт. Ал айылда суу ташууга чыккан бир нече өспүрүм унаа кырсыгына кабылып, каза тапкан.