Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

С түрүндөгү гепатитти аныктоо жолун киргизүү сунушталууда


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук ден соолук бөлүмүнүн башчысы Венера Майтиева билдирди. Анын айтымында, бул ооруну дарылоонун курсу 9-12 миң доллар турат. Мындан улам аны мамлекет толук мойнуна ала албайт.

Адис оору менен күрөшүүдө лабораториялык диагнозду жакшыртып, илдетти эрте аныктоо чарасын жолго коюу эффективдүү болоорун билдирүүдө. Тийиштүү акча каражатын профилактика иштерине бөлүү зарыл.

Кыргызстанда жыл сайын бул илдетке кабылгандардын саны өсүүдө. Министрликтин маалыматында Кыргызстанда 250 миң кишинин бул ооруга чалдыкканы белгилүү болгон. Быйыл жыл башынан бери дагы 42 киши катталган.

Гепатиттин эң оор С формасы өтө жай өнүккөндүктөн, анализ бермейинче билинбей жүрө бериши мүмкүн.

Буга чейин бул маселе парламентте дагы көтөрүлүп, гепатитке каршы мамлекеттик кеңеш түзүү сунушталган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG