Кыргызстанда бала төрөлгөн учурда берилчү күбөлүктөрдүн айрымдарын Орусия тааныбай жатат. Ага бул күбөлүктөгү каталар себеп болууда. Маселен айрым күбөлүктөрдө "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк" деген сөздүн ордуна "Нике тууралуу күбөлүк" деп жазылып калган. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Авиа трафик” компаниясынын Москвадагы өкүлү Искендер Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, мындай ката жазуунун айынан Орусияга учуп келген балдар артка кайтарылууда. Албетте аларды ээрчитип келген ата-энеси, же башка жакын адамы да бала менен артка кайтууга аргасыз. (LzT)