Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу документтер Мамдумага жиберилди


Орус президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланышкан документтер топтомун ратификациялоону тапшырды.

Бул тууралуу Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ага ылайык, Мамдумага киргизилген документтердин ичинде Кыргызстанды ЕАЭБге кошуу тууралуу келишим, ЕАЭБдин келишимине өзгөртүү киргизүү протоколу, жана башка биримдикке байланыштуу эл аралык келишимдер бар. Азырынча Мамлекеттик Дума бул маселени качан карары кабарлана элек.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу соңку документтерге 8-май күнү Москва шаарында кол коюлган. 29-май күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү боюнча келишимдерди ратификациялаган мыйзам долбооруна кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG