25-июнда жарык көргөн АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2014-жылы дүйнөнү ар кыл тарабындагы адам укуктарынын корголушун анализдеген докладында орус бийликтери “чет элдик агенттер”, экстремизмге каршы мыйзамдарды күчөтүп, башка каражаттар аркылуу бийликке сын айткандардын куугунтукка алып, оозун жабууга жана ишенимден ажыратууга багытталганы айтылат.
Докладда ошондой эле орус бийликтери диний жана сексуалдык азчылыктарды басмырлаган мыйзамдарды кабыл алууну улантып жатканы, ошондой эле Орусиянын өкмөтү мыйзам бузган жетекчилерди жоопко тартпай койгондуктан коомдо “жазасыз калуу климаты” жаралганы айтылат.