Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Нуркулов: "Кумтөрдүн" 5 млрд салыгы мугалим айлыгын көбөйтүүгө да жетпейт


Парламентте бүгүн "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланып жатат. Сөз алган депутаттар бул демилге Кыргызстандагы мөңгүлөрду талкалоого жол ачат деп кооптонууда. Депутат Уланбек Нуркулов дүйнө жүзүндө суунун баасы алтындан да кымбат болгон шартты эске алууга чакырды:

- Кумтөрдөн алган 5 миллиард акчабыз жада калса мугалимдердин айлыгын 50% көбөйткөнгө да жетпейт экен. Себеби буга 6,5 млрд сом керек. Эмне үчүн ушуга мынчалык күйүп жатканыңарды түшүнбөйм, - деди парламент мүчөсү өкмөткө кайрылып.

Өкмөт "Суу кодексин" өзгөртүп, мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга уруксат алууну көздөөдө. Бирок депутаттар жана экологдор муну менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүнөн башкаларды бузууга да жол ачылат деген пикирде. "Ата-Мекен" фракциясы өкмөттүн бул демилгесин чыккынчылык деп атоодо.

Бүгүнкү жыйынга катышып жаткан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев эгер парламент өкмөттүн "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун колдоп бербесе 6-июлдан тарта "Кумтөр" ишканасы токтой турганын айтты.

"Кумтөр" жыл сайын бекитилүүчү тоо иштери боюнча план менен иштейт. Быйылкы пландын узартылган мөөнөтү июлдун башында соңуна чыгат.

Кыргызстандын республикалык бюджетинин 80% салыктан чогулат. Быйыл "Кумтөрдөн" 5 миллиард сом түшөрү болжолдонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG