Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Элетте кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча долбоор башталат


Швейцария өкмөтү Кыргызстандын айыл жергелеринде жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча жаңы долбоорду баштоодо. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” деп аталган жаңы долбоор таштанды чыгаруу, көчөлөргө жарык берүү, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк жана башка ушул өңдүү жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган. Долбоор элет жергесинде турмуш шартты жалпысынан жакшыртууга көмөктөшмөкчү.

"Хельветас Свисс Интеркооперейшн" жана Өнүктүрүү саясат институту биргелешип ишке ашыра турган бул долбоор азырынча Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында иш алып барат. Он жылга созулчу бул долбоордун жүрүшүндө башка облустарды да тартуу каралган.

XS
SM
MD
LG