Бейшемби түштөн кийин Ошко барган Пан Ги Мун оболу премьер-министр Темир Сариев менен чогуу июнь окуяларынын курмандыктарына арналган “Энелердин көз жашы” монументине гүлчамбар койду.
Ал жерде чогулгандар алдында сүйлөгөн учурунда БУУ баш катчысы кыргыз бийлиги 2010-жылкы улут аралык жаңжалды ыкчам токтотуп калганын жогору баалоо менен эми төрт “маанилүү кадамды” жасоого чакырды:
- Биринчиси - 2010-жылдын июнундагы этникалык жаңжалга байланышкан кыянатчылыктардын баарын адамдардын улутуна жана башка маккмына карабай толук, бейтарап иликтөө. Экинчиси - оор кылмышка тиешеси барлардын баарын жазалоо. Үчүнчүсү - кыйноо колдонулган көрсөтмөлөр жана башка процедураларды бузуу менен кабыл алынган айыптоо өкүмдөрүн кайра карап чыгуу. Төртүнчүсү - улуттар ортосундагы элдешүүнү акыйкаттык жараяны, жабыр тарткандар үчүн калыбына келтирүү иштери аркылуу колдоо жана бул ишке жарандык коомду да тартуу.
Бүгүн Бишкектеги конференцияда сүйлөгөн кезинде БУУ баш катчысы Ошко сапарын улут аралык жаңжалдын беш жылдыгын белгилөө жана тынчтыкты бекемдөө жараянын колдоо деп түшүндүргөн.
Пан Ги Мун бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту, “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана келечеги” деген конференцияга катышты. (UE)