Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Кыргызстанда Конституцияны коргоо боюнча уюм түзүлүүдө


Бул туурасында “Азаттыкка” Конституциялык кеңешменини мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Аталган уюмга азыр укук коргоочулар, активисттер кирип, элге Конституциянын тегерегиндеги түзүлгөн жагдай туурасында түшүрдүрүү иштерин жүргүзүүнү максат кылышууда. Уюштуруучулар азыркы Баш мыйзам өлкөнү натыйжалуу башкарууга кудуреттүү экенин, бийликтегилер аны өзгөртүү демилгесин көтөрүү аркылуу мамлекетти башкаруудагы алсыздыгын көрсөтүп жатышат деп эсептешүүдө.

Конституциялык кеңешме 2010-жылы иштелип чыккан азыркы Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөө тыянагын чыгарган.

Учурда Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалицияга кирген фракция лидерлери күзгү парламенттик шайлоо менен бирге Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүүдө .(AzK)

XS
SM
MD
LG