Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Медакадемия маселесин кароо жылдырылды


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы коррупциялык иштерди талкууламак. Коррупцияга каршы көмөктөшүү уюмунун (АКОС) төрага орун басары Камил Умаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн талкууга Медакадемиянын ректору Ашыраалы Зурдиновдун ооруп келбей калгандыгына байланыштуу маселени кароо жылдырылды.

Өткөн аптада аталган комитет вице-спикер Надира Нарматованын кийлигишүүсү менен Медакадемияга абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуулар боюнча АКОСтун кайрылуусун күн тартибинен алып салган. Ага чейин да эки жолу каралбай калган.

Башкы прокуратура 2012-жылы аталган окуу жай 25 баланы мыйзамсыз кабыл алганын белгилеп, чара көрүү боюнча өкмөткө сунуштама киргизген. Бул маселени “Азаттык” радиосу иликтеп, бир топ кыңыр иштерди ачыкка чыгарган эле. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG