Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынан билдиришкендей, фестивалдын репертуарында улуттук жана эл аралык конкурстардын лауреаттары болушкан оюндар жана жаңы спектаклдер бар. Иш-чаранын алкагында Москвадага Образцов атындагы салттуу куурчак театрынын адистери мастер-класстарды өтүшөт. Куурчак театры балдарды жомок дүйнөсүнө саякатка чакырат.
“Так теке” фестивалынын салтанатуу ачылышы 30-майда саат 10до куурчак театрында болот. Ал 1-июнга чейин созулат. (AzK)