Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучулары Самат Болотбеков менен Бекбол Муканбетов Индонезиянын борбору Жакарта шаарында май айынын башында өткөн эл аралык ISPrO олимпиадасында алтын медаль алышты. Алар бул олимпиадага "Чалкан жана койчу баштык чөптөрүнүн уйларга дарылык касиеттери» деген долбоор менен катышкан. Дүйнөнүн жалпысынан 29 өлкөлөрүнөн келген 75 долбоордун арасынан алардын долбоору эң мыкты деп табылып, баш байгеге ээ болушкан.
Ошондой эле эл аралык жаш ойлоп табуучулардын дагы бир Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн IYIPO олимпиадасында 10-класстын окуучусу Дастан Уланов менен 8-класстын окуучусу Урмат Үмөтов күмүш медаль алышты. Бул балдар да кыргыз-түрк лицейинин окуучулары. Алардын эмгеги инженердик долбоор. Кыскартып айтканда, үйдүн дубалдарын жылуулоонун жаңы ыкмалары деп аталат. Бул дубалдардын ортолорун кадимки чий жана кийизди колдонуу аркылуу жылуулоо болуп саналат.
Апрелдин башында ушул эле лицейдин 10-классынын окуучулары Теңирбек Карыпжумаев менен Нурсултан Шакировдор Казакстанда өткөн Informatrix эл аралык олимпиадасында мультифункционалдуу сызгычты ойлоп таап, алтын байгеге ээ болушкан. Олимпиаданын калыстары бул жаңы табылга илим дүйнөсүндө биринчи болгондугун тастыктаган. (MiK)