Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

Түндүк Корея БУУнун баш катчысынын визитин токтотту


Кэсон өнөр жай зонасындагы түштүк кореялык фирманын тигүү цехинде иштеген Түндүк кореялыктар. 19-декабрь, 2013
Кэсон өнөр жай зонасындагы түштүк кореялык фирманын тигүү цехинде иштеген Түндүк кореялыктар. 19-декабрь, 2013

Расмий Пхенян Пан Ги Мундун 21-майда Кэсон өнөр жай паркына болчу визитин токтотконун Түштүк Кореянын дипломаты шаршемби күнү Сеулда билдирди. Өнөр жай комплексин Түндүк жана Түштүк Корея чогуу башкарат.

Түштүк Кореянын Биригүү министрлигинин өкүлү Лим "өкүнүчкө карай, Түндүк Корея Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунду Кэсон өнөр жай комплексине чакырган чечимин жокко чыгарганын бүгүн маалымдады. Пан Ги Мун Кэсонго Корея жарым аралында тынчтык жана бейпилдик орноп, Түндүк-Түштүк Корея мамилеси оңолуусу үчүн барганы жаткан”, - деп айтты.

XS
SM
MD
LG