Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Рамадиге кошумча күч жиберилди


Рамадинин эли коопсуз жайга качууда
Рамадинин эли коопсуз жайга качууда

Ирак бийлиги согушкерлер кечээ басып алган Рамади шаарына кошумча күчтөр жиберилгенин билдирди.

15-май күнү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу калааны басып алып, өзүнүн кара байрагын орноткону кабарланган болчу.

Ирактын аскер өкүлү, генерал Саад Ибрагим Маан согушкерлерге каршы АКШ баштаган коалиция тарабынан аба соккулары уланарын айтты. Шаардагы абал тууралуу толук комментарий бербесе да, калаа жакын арада жихадчылардан тазаланарын белгиледи.

Согушкерлер Рамадидеги Анбар провинциясынын губернаторунун кеңесине жетүү үчүн алты унааны жардырышкан. 10 полициячы өлүп, жетөө жарадар болгон. Буга чейин Рамадинин көпчүлүк бөлүгүн өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп турган. (SE)

XS
SM
MD
LG