Максат - тыныгуудан пайдаланып өлкөдөгү куралдуу коогалаңдан жабыркаган миллиондогон йемендиктерге гумжардам жеткирүү. Бул жөнүндө Саудиянын тышкы иштер министри менен АКШ мамкатчысынын 7-майда Эр-Риядда өткөн кездешүүсүндө жарыяланды.
Жон Керри Вашингтон демилгени колдогонун, йемендик шийиттердин хуси козголоңчуларын сунушту колдоого үндөдү.
- Биз хусилерди жана алардын колдоочуларын Йемен элине көмөктөшүү үчүн берегидей чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого жана Йеменде тынчтык жолун табууга үндөйбүз, - деди АКШ мамкатчысы.