Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

Москвада Дүйшөнкул Шопоковдун айкели орнотулду


Москвада СССРдин Баатыры Д. Шопоковго арналган эстеликтин ачылышы болду. 7-май, 2015-жыл
Москвада СССРдин Баатыры Д. Шопоковго арналган эстеликтин ачылышы болду. 7-май, 2015-жыл

Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышы кечээ Москва облусунун Волоколамск шаарында болду. Эстелик шаардагы 28 баатырдын мемориалдык аянтына коюлду. Эстеликти ачууга Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев катышты. Ошондой эле Москвадагы Кыргызстандын элчиси, Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, ал жакта окуп-иштеп жүргөн карапайым кыргызстандыктар да болду.

Дүйшөнкул Шопоков 1915-жылы 19-майда Чүй облусунун Шалта айылында туулган. Ал Москва облусунун Волоколамск районуна караштуу Дубосеково айылынын алдында немис фашисттеринин танкаларын кыйратуу учурунда каза тапкан. Бул эрдик 28 панфиловчунун баатырлыгы катарында тарыхта сакталып калган. 1942-жылы Дүйшөнкул Шопоковго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.(ZKo;LzT)

XS
SM
MD
LG